Жээнбеков: “Футболисттерибиз Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап жатат!”

Жээнбеков: “Футболисттерибиз Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап жатат!”

Кыргызстандын футбол боюнча курама команласы.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде кыргыздын футбол командасына ыраазылык билдирди.

«Биздин футболист жигиттер мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатышат!»

«Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футбол боюнча курама командабыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин курама командасын 3-1 эсебинде утуп, элибизге зор маанай тартуулашты.

Биздин команданын Азия кубогунун оюндарына тарыхта биринчи чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Бардык оюндарда ийгиликтүү ойноп, биздин командабыз оюндардын кийинки этабына чыгуусу да бул чынында эбегейсиз чоң тарыхый жетишкендик. Эң негизгиси, биздин балдар тайманбай ойноп, кызыктуу оюн көрсөтүп жатышты», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент жалпы элдин атынан футболчуларга, алардын башкы тренерине, баардык командага ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.
 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты