Карганбек Самаковдун уулунун жаза мөөнөтү кыскартылды

Карганбек Самаковдун уулунун жаза мөөнөтү кыскартылды

Кубанычбек Самаков

Октябрь райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган экс- депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдун жаза мөөнөтү кыскартылды.

Жогорку сот ушундай чечим чыгаргандыгын  анын жактоочулары билдирди.

Жогорку сот жер боюнча коррупцияга айыпталып жаткан Кубанычбек Самаковдун жаза мөөнөтүн кыскартып, 6 жыл берди.

Ал эми экс-депутат Карганбек Самаковдун өзү жерди мыйзамсыз транформациялоо боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков,  ошондой эле Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков жана Аликбай Сариев 8 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты