Шайназаров: “Министр Чыңгыз Айдарбеков акыркы убакта туристке айланып калды”
- 6 лет мурун
- Маек
Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду сындады.
“Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков акыркы мезгилде туристке айланып калды, барбаган өлкөсү деле калган жок. Эми, мындай саякаттарды токтотуп, иштеш керек да.
Өткөндө андан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан иштеген консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин тизмесин сураган элем, жарытылуу жооп ала алган жокмун.
Бир аптанын ичинде Тышкы иштер министрлигинен биздин консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр жөнүндө так маалымат алып берүүӊүздү өтүнөм», — деди депутат.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!