«Өкмөт ипотека насыяларынын үстөк пайызын төмөндөтүү чарасын көрүшү зарыл»
- 6 лет мурун
- Маек
Депутат Сагындык Келдибаев мамлекеттик ипотеканын насыяларынын үстөк пайызы 4 % га чейин төмөндөтүлүшү керектигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-январдагы, жыйынында билдирди.
“Ушу тапта мамлекеттик ипотека боюнча жеӊилдетилген насыялардын үстөк пайызы 8-9 пайыздын тегерегинде болууда. Мындай пайыз насыя алуучуларга кыйла оорчулук келтирип жатат. Мугалимдер менен дарыгерлер аны төлөй албайт. Ошондуктан, Өкмөт быйыл ипотекалык насыялардын үстөк пайызын 4 пайызга чейин төмөндөтүү чараларын көрүшү зарыл” деп айтты ал.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!