Кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утту!

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогунда бүгүн, 16-январда, Кыргызстандын курама командасы 3:1 эсебинде филиппиндиктерди жеңип алды.

Кыргыз футболчулары филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утту!

Бул кыргызстандык футболчулар үчүн чечүүчү оюн болду. Себеби жеңилип калса, алар оюндан чыгып калышмак.

Кыргызстандыктардын үч голун тең Виталий Люкс киргизди. Футболдо катары менен үч гол киргизип, Люкс хет-трик жасады.

Кыргызстандын курама командасынын эми 1/8 финалына чыгуу шарты өскөндүгүн айтып жатышат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эң сонун оюн көрсөттү. Дубайда кыргызстандык күйөрмандар  арбын болуп, алар мамлекеттин желегин, “Ак шумкарлар” деген плакат алып, оюнчуларды сүрөп турушканын  КТРК түз эфиринен көрүп, кубанып турдук.

Азаматсыңар, ак шумкарлар!

Сүрөттөр: КР Футбол федерациясынын  фейсбук баракчасынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты