Кыргызстан футбол командасы филиппиндиктер менен ойнойт

Кыргызстан футбол командасы филиппиндиктер менен ойнойтКыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 16-январда, Бишкек убактысы боюнча 19.30 да Филиппиндин командасы менен ойнойт.

Дубай шаарында өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы буга чейин Кытай жана Корея командалары менен ойноп, утулуп калгандыгы белгилүү.

Бүгүн кыргыз футболчулары үчүн чечүүчү күн.  Анткени жеңилсе, алар оюндан чыгып калат.

Оюнду КТРК каналынан саат 19. 30 да көрүүгө болот.

Президент Сооронбай  Жээнбеков команданы 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирип, бир миллион сом тапшырган болчу.

«Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз, силерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер», — деп белгилеген мамлекет башчы.

Курамында Кутман Кадырбеков, Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Дэниел Тэго, Кайрат Жыргалбек уулу, Ахлидин Исраилов, Эдгар Бернхардт, Азиз Сыдыков, Фархат Мусабеков, Мирлан Мурзаев бар командабызга ийгилик каалайлы. 

Атаандаш филиппиндиктердин машыктыруучусу кыргыз командасын күчтүу деп эсептеп, айрыкча Кыргызстан үчун ойногон Эдгар Бернхардды белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты