Ошто өспүрүм асылып өлдү. Аны жанын кыюуга жеткиришкен
- 6 лет мурун
- Маек
Ош шаарында 14 жаштагы өпүрүм бала асылып өлгөнүн Ош шаардык ИИБ билдирди.
ИИБдин билдирүүсүнө караганда, 15-январда саат 19. 30 да Жапалак айыл округунун Гүлбаар-Төлөйкөн айылынан милицияга бир үйдүн сарайында бала асылып калды деген билдирүү түшкөн.
Милиция өспүрүмдүн болжол менен 17.30 да асылып калганын аныктаган. Ал Ош шаарынын мектептеринин биринде окучу, 2005-жылы туулган.
Бул окуя боюнча “Жанын кыюуга жеткирген” деген берене менен кылмыш иши ачылган. Ата-энеси буга чейин баласынын айткандарына маани бербей келгени белгилүү болду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!