“Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет?

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Мыйзамына кол койду.

“Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет?

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу жана Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын жана «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» бир тараптуу жарыялоо жана колдонуу аркылуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

“Ачык асман” долбоору ишке киргизүүгө салымын кошкон  Эмил Үмөталиев долбоор тууралуу ою менен бөлүштү:

Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер:

“Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет?

 “Ачык асман” саясаты көбүрөөк пайда алып келет”

Ачык атаандашуудан жергиликтүү компаниялар өнүгөт

—Бул мыйзамды 2012-жылы биринчи жолу идея катары сунуштаганбыз. Ошол кезде чоң жыйын болгон. Өкмөттүн алдындагы инвесторлор кеңешинин жыйынында ушул идеяны айтып чыкканбыз. Ошол учурдагы вице-апремьер министр, министрлер дагы колдошкон. Бирок, бара-бара ошол колдогон кишилер, убада беришип, бирок, аягына чейин ишти чыгара алышкан жок.

Бир-эки жылдан бери депутаттардын тобу колдоп, президенттин колу коюлуп, кабыл алынды. Бул эл үчүн жакшы кадам. Анткени, буга чейин бирин-серин монополдошуп алган авиакомпаниялардын ээлеринин гана кызыкчылыгы болгон. Бирок, жалпысынан бүт кыргыз элине, Кыргызстандын экономикасына, эгемендүүлүгүнө дагы “Ачык Асман” саясаты көбүрөөк пайда алып келет. Анткени, жергиликтүү компаниялардын өнүгүүсү ачык атандашуудан болот. Эгерде, мурдагыдай абал болсо, ошол рынокту ээлеп алгандардын кызыкчылыгы, аны менен биргелешкен бюрократия, коррупция жаралган болчу. Ошолордун гана стимулу болгон.

Элдин башка өлкөлөгө аз убакытта жана арзан барууга мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт

“Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет?

—Бүгүнкү күндо токтобой көп аракеттерди жасоо керек. анткени, мындан ары ачык атаандаштык, бюрократиядан, коррупциядан азыраак көз каранды болуп, элдин башка өлкөлөргө, шаарларга аз убакытта жана арзан барууга мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт.

Буга тиешелүү башка мыйзамдарга дагы өзгөрүүлөрдү киргизүү керек. анан бул процести иштетүүгө түрткү кылуу керек.

Башка уюмдарга кабыл алынган мыйзамдар тууралуу билдирүү керек, башка рыноктор дагы бизге кызыгып калышы мүмкүн болгон авиакомпанияларга бул кабарды жеткрип турушубуз керек. Бул жерде ТИМдин жана элчилердин салымы күтүлөт.

Бүгүнкү күндө аэрпорттордун абалы дагы канааттандыраарлык эмес. А жерде коррупция бар, көбөйүп жатат деген маалыматтар чыгып жатат. Ошолордун баарын ирээти менен “Ачык Асман” саясатына ылайыкташтырып, элге кызмат кылышына аракет кылуу керек.

Бул тажрыйбаны эң ийгиликтүү, алдыңкы өлкөлөр мурун эле баштаган

—Бул тажрыйбаны эң ийгиликтүү, алдыңкы өлкөлөр мурун эле баштаган. Эң биринчилерден болуп АКШ баштаган. Аляска дагы мындай тажрыйбанын жогору өнүгүү деңгээлин көрсөткөн. Индия да бул тажрыйбаны колдонгон. Араб эмираттары бул тажрыйбаны дайыма колдонуп келет. Өздөрүнүн өнүккөн, бай авиакомпанияларныын болгонуна карабастан, бул тажрыйбаны колдонууга өтүшкөн.

Мен бул долбоордун жакшы гана жактарын көрөм

—Андан сырткары, деңизден алысыраак өлкөлөр, Грузия деңизге жакын, бирок океандан алысыраак болсо дагы бул тажрыйбаны колдонуп каттамдарын көбөйтүп, туристтеринин санын тогуз миллионго жеткирип, мурдагыга салыштырмалуу өнүккөн. Соода тармагы дагы өнүгүп, продуктулары өнүккөн өлкөлөргө сатылып калды. Армения дагы бул саясатты колдонуп, ийгиликтерге жетише алган. Анын баары депутаттарга таанытылган. Мен бул долбоордун жакшы гана жактарын көрөм. Терс жактарын айтып жаткандар булар, өздөрүнүн кызыкчылыктарын гана коргогондор. Бизде бирөө дагы орундуу, негиздүү деп таанылган жок.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты