Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштери экспортко чыгууда

Кыргызстанда бир катар долбоорлор ишке ийгиликтүү ашырылууда.АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын көп тармактуу агрардык секторун өнүктүрүүгө багытталган жаңы “Агро Горизонт” долбоорун ишке киргизген.

 

 

Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштери экспортко чыгууда

USAIDдин 22 млн долларлык “Агро Горизонт” долбоору мөмө, жемиш, сүт жана эт азыктарын, канаттууларды өстүрүү, жумуртка өндүрүү, кошумча нарк чынжырына катышкан Кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана агрардык ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу аркылуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошо турган долбоор.

Долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында  чакан фермерлердин кирешелерин көбөйтүү жана тамактануусун жакшыртуу максатында ишке ашырылып, агрардык секторду өнүктүрүүгө салымын кошот. Долбоордун дагы бир маанилүү компоненти болуп аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн  кеңейтүү эсептелет.  Долбоор ошондой эле бизнес чөйрөнү жакшыртууну, тышкы жана ички рынокко жетүүнү жакшыртууну көздөйт.

Кыргызстандагы «Алтын Аймак» компаниясы чыгарган азык Американын дүкөндөрүндө сатылууда

Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштери экспортко чыгууда

Бул ишкана тажик жана кыргыз ишкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасы. Акыркы жыйырма жыл ичинде Тажикстанда кургатылган мөмө-жемиштер менен иштеген өндүрүүчүлөр Кыргызстандан жарым-жартылай иштетилген мөмө-жемиштерди сатып алып, кайра иштетүүнүн акыркы этаптарын өздөрүнүн өлкөсүндө жүргүзүп келишкен. USAIDдин колдоосу менен кыргыз жана тажик ишкерлерге кошумча нарк түзүүчү жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнү толук Баткенде жүргүзүүчү өндүрүш ачууга ар тараптуу жардам көрсөтүлдү. USAID «Алтын Аймак» компаниясынын кургатуучу жана кайра иштетүүчү жабдууларды сатып алуусун кошо каржылаган.

Курбан Обозов, “Алтын Аймак” компаниясынын директору:

“Нью-Йоркко кургатылган мөмө-жемиштин 12 түрүн жөнөттүк”

—Мөмө-жемиштердин бардык түрүн эле кургатабыз. Баткенде өрүк көп болгондуктан көбүнчө өрүктү кургатабыз.

Ошондой эле Ала-бука районунан кара өрүк алып келип, аны дагы иштетебиз. Мөмө-жемиштердин баарын жууп-тазалап, кургатып, таңгактап анан башка өлкөлөргө экспортко чыгарабыз.

Ал үчүн керектүү жабдууларды USAID тарабынан уюштурулган “Агро Горизонт” долбоорунун негизинде алганбыз. Бул биз үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк болду. Биз негизи тажик ишкерлери менен өнөктөш катары иштешебиз. USAID Тажикистанга барып семинар уюштурган экен. Ошолор аркылуу бул долбоор тууралуу угуп калдык. Анан долбоорду жаздык.

Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштери экспортко чыгууда

Орточо эсеп менен 140 миң долларлык жабдууларды алып беришти. Экспортко 2018-жылдын февраль айынан тарта чыга баштадык. Биринчи Украинага өрүк, кара өрүк, алманын кагын жана өрүктүн маңызын жөнөттүк. Андан кийин Нью-Йорк шаарына кургатылган мөмө-жемиштин 12 түрүн жөнөттүк.

Андан бери Түркияга дагы жөнөтүп жатабыз. Ал жакка 140 тонна алма кагын жөнөттүк. Азыр кара өрүктү жөнөтүп жатабыз. Августтан бери жаңы сезон деп аталат. Жаңы сезондо Укранина менен Түркияга жөнөттүк. Анткени алар биз менен туруктуу иштешүүгө өттү. Алар келишим түзүлгөн. Россияда “Светофор” деген чоң супермаркеттердин түйүнү бар экен. Ошолор менен иштешүүнү пландап жатабыз. Бубюрса, заводду дагы кеңейтип, продуктунун өлчөмүн көбөйтөбүз. Азыр заводдо жалпысынан 30 кызматкер эмгектенип жатат. Алардын 24 ү аялдар.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты