Бишкекте эмерек салону күйүп кетти
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Бишкекте эмерек салону толугу менен күйүп кетти.
Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан аянты 150 чарчы метр болгон эмерек салонунда 15-январда саат 10:23 чамасында өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып, өрт саат 10:44тө чектөөгө алынып, саат 11:13тө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!