Фильмдин атын өзгөртүп, кыскартышты

Фильмдин атын өзгөртүп, кыскартыштыБаштапкы аталышы “Чым-Коргондон качкандар” фильминин атын “Жиндиканадан качкандар” деп өзгөртүп, жарым сааттай жерин кыскартып, 16-январда “Манас” кинотеатрында көрсөтүшөт.  

Бул фильм чыга электе эле  нааразылыктарды жараткан. Анын аталышына байланыштуу Чым-Коргон айылынын тургундары фильмди көрсөтүүгө тыюу салууну талап кылып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине арызданып келишкен.

Министрлик фильм боюнча комиссия түзүп, эки жарым сааттык фильмди бир жарым саатка кыскартууну талап кылган.

Фильм 16-январда саат 18:00 дө “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт. 17-январдан  баштап борбордун бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты