Депутат Төрөбаев: “Жаңы кодекс, мыйзамды ишке ашырууда Өкмөт уят болду”

Депутат Төрөбаев: “Жаңы кодекс, мыйзамды ишке ашырууда Өкмөт уят болду”Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-январдагы, жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Өкмөттүн жаңы мыйзам, кодекстерди ишке киргизүү аракетин сындады.   

—Өкмөттүн аткарылган иш — чараларын карасак, былтыр декабрда интернетте чет мамлекеттен келген жарандар тууралуу ар түрдүү маалымат чыкты.

Өкмөт статистиканы айтып коюп, чектелип калды. Ревизия жасап, практикалык жумуш жасап койбойбу.

Экинчиден Төрөбаев айып пул боюнча да Өкмөттү сындады.

—Айып пул боюнча 5 кодекс, 2 мыйзам киргизүүдө Өкмөт уят болду. 5500 сом төлөйм деген жарандан да айыпты ала албай жатат.

Жарым жылдан бери айтып келе жатып, эми эмне болду? Мыйзамдардын аткарылышын биз, Жогорку Кеңеш, көзөмөлдөйбүз. Сунушум, бүгүн-эртең кандай иш чаралар болуп жатканын талкуулашыбыз керек.

Маалымат берүү жагынан Өкмөт утулуп жатат, -деди Төрөбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты