Жаан аралаш кар жаашы күтүлөт

Жаан аралаш кар жаашы күтүлөтӨлкөнүн  көпчүлүк аймактарында 16-январда жаан аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда бурганак болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын темпертурасы:

Чүй облусунда- түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Таласта- түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында- түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл  облусунда- түнкүсүн -5…10, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16 градус болот.

Бишкекте- мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2, күндүз 4…6 градус болот.

Бул тууралуу Гидромет борбору билдирди.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты