Россия Кыргызстандын Чек ара кызматына автотехника тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Россия Кыргызстандын Чек ара кызматына автотехника тапшырды

Жалпысынан 125 даана автомобиль жана атайын техниканы алып келди, анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар. Мамлекеттик контракттын суммасы 3 млн АКШ долларды түзөт

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан чек ара коопсуздугу тармагында гана эмес, башка дагы кызматташтыктын маанилүү тармактарына берилип жаткан Россиянын жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

Мамлекет башчы эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, аймактык коопсуздукту камсыздаганы үчүн Россияга, Президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

Россия Кыргызстандын Чек ара кызматына автотехника тапшырды

«Биз Россия менен болгон стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкты, алардын колдоосун жогору баалайбыз. Мындан ары дагы ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө Кыргызстан менен Россиянын келечеги үчүн салым кошууну улантабыз» деп белгиледи  Жээнбеков.

Жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашуунун негизинде берилди.

 

Сүрөттөр: Президенттин расмий сайтынан алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты