Президент Дача СУда самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Президент Дача СУда самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Дача-СУдагы кырсыктан жакындарынан айрылган балдар жана анын туугандары Президент менен. 2019-жыл. 15-январь.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда, 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташыган самолеттун кыйрашынан улам жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту.

Мамлекет башчы дагы бир жолу балдарга көңүл айтып, бул күн өтө оор, кайгылуу күн катары калганын белгиледи.

Жолугушуунун аягында мамлекет башчы балдарга Чыңгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.

Президент менен жолугушууга  жакындарын жоготкон балдар — Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Нурлан уулу Мирлан, Эрлан Шаршенбеков  жана Сайкал Карыпбаева жакын туугандарынын коштоосунда келишти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөттөрү: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты