Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшенов сунушталууда

Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшенов сунушталуудаТранспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшенов көрсөтүлүүдө 

Жанат Бейшенов — 48 жашта. 2017-жылдан баштап Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген.

1997-2000-жылдары Премьер-министрдин аппаратында референт, бөлүм башчы;

2005-жылы Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары;

 2014-жылы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси болгон.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев чет  өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн жалпысынан 520 миң доллар сурагандыгы УКМК тарабынан аныкталган. Анын 120 миң долларын мурда алып койгон. 50 миң долларын алып жатканда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.

Анын соңунан 14-декабрда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Президенттин сынына туш болуп, кызматынан бошонуп кетүүгө аргасыз болгон.

Сүрөт: Интернеттен.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты