Бишкектеги экологиялык абал дрон менен көзөмөлдөнүп турмакчы

Бишкектеги экологиялык абал дрон менен көзөмөлдөнүп турмакчы

Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги эми дрондун жардамы менен Бишкек шаарындагы экологиялык абалды көзөмөлдөп турат.

Шаардын борбордук көчөлөрүн, кичи район, жаңы конуш, мончо, сауна, ири менчик ишкана, базарлардын айланасына мониторинг жүргүзөт.

Жол эрежелерин бузган, мыйзамсыз жерлерге автоунаа токтотуп, тыгындарга жол берген, абага зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарган авто унааларды, резина жана чүпүрөк менен жылытылган мончо, сауна, ишкана-мекемелерди аныктамакчы.

Мыйзам бузуу видео жана сүрөттөргө тартылып, күнөлүүлөргө чара көрүү үчүн  мамлекеттеик органдарга— Экотехинспекция, ИММ, МАИге ж.б.жөнөтүлмөкчү.

Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты