Журналистти “келесоо” деген Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алды

“Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ЖК Билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин сунушу боюнча «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги» наамын алган»,- деп билдирди Билим берүү жана илим министирлигинин маалымат кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, Тазабек Икрамов 1998-жылы Жалал-Абад облусундагы Дене тарбия жана спорт институтунда мугалим болуп эмгектене баштаган. Бир нече жыл бою ал Кыргызстандын жаштарынын спорт менен тарбиялануусуна өбөлгө түзүп келет.

Жогоку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун өзүнө кайрылганыбызда сыйланганын мындай себептерге байланыштырды:

Журналистти “келесоо” деген Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алды

—1998-2000-жылдары Жалал-Абад облусундагы Дене тарбия жана спорт интитутунда мугалим болуп эмгектенгем. Андан сырткары спорт тармагында “Икрам Ади” спорт клубум бар. Менин атамдын атында жаштар арасында спорт мектеби бар. 2004-жылдан бери ошол жердеги спортмендерге ар тараптан колдоо көрсөтүп келем. Ошол мектепте жыл сайын апрель айынын аягында мектеп окуучулары арасында “Икрам Ади ” атындагы эл аралык турнир өтөт. Турнир менин колдоом алдында өтөт.

Андан сырткары Жогорку Кенештин Билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымынын орун басарымын. Үч жылдын ичинде билим берүүдөгү көптөгөн мыйзамдарды, реформаларды колдоп, ишке ашырып, билим берүү жана илим министирлиги менен тыгыз иштеп келдик.

Буга чейин жаштарды колдоп, комитетке колдоо көрсөткөнүм үчүн министирлик мени наамга сунуштады. Азыр буга кимдин ичи тарып, эмне болуп жатканын билбейм. “Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” деген кыргызда жакшы макал бар. Билим берүүгө салым кошсом, буга чейин спорт жашындагы жаштарды өстүргөнүмдү, эл аралык турнирди жыл сайын өткөрүп жатканымды баалап ушул наамды ыйгарып жаткандыр” деди Тазабек Икрамов.

Андан ары биз адистерден жана билим берүү тармагында 10 жылдан ашык эмгектенип жаткан мугалимдерден кандай критерийлер менен аталган наам берилерин сурап көрдүк.

Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты, 10 жылдан ашык ага окуутучу болуп эмгектенет:

Журналистти “келесоо” деген Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алды

“Наам берүүнүн кандай критерийлери бар экенин билбейм”

—Андай наамдарды алып жаткандар толтура да. Биздин тармакта, билим берүүдө деле ошондой. Наамга кандайча көрсөтөт, кандай критерийлери бар, кантип алып жатышканын  билбейт экенмин. Анткени, наам деле алган эмесмин, алууга аракет деле кылбаптырмын.

Бакыт Орунбеков, журналист, көп жылдан бери ага окуутучу болуп эмгектенет:

Журналистти “келесоо” деген Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алды

“Балким депутат катары билим берүүгө салым кошкондур”

—Билим берүү министирлиги кандай критерийлер менен наам ыйгарганын билбейм. Балким, депутат катары билим берүү тармагына салым кошкондур. Эгерде критерийлерин билсем, “ушундай баалаган турбайбы” деп айтмакмын. Ал балким мугалимдерге жакшы мыйзам чыгаргандыр, мектеп куруп бергендир.

 

 

Алмаз Тажыбай, Билим берүү жана илим министирлигин коомдук кеңешинин мүчөсү:

Журналистти “келесоо” деген Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн мыктысы” наамын алды

 

“Наам ыйгарууну атайын комиссия чечет”

—Наамдар боюнча жобо бар. Наам ыйгарууну атайын комиссия чечет. Жободо наамдардын түрлөрү бар, “Билим берүүнүн мыктыс”ж.б. Ошол наамдардын ар бири атайын критерийлер менен каралат. Техникалык жактан баары туура болсо комиссия чечим чыгарат. Жөн эле эки жака каалагандай бере алышпайт. Ар бир наамды алуунун жол-жоболору бар, -деди А.Тажыбай.

“Билим берүүнүн мыктысы” наамы педагогикалык стажы 20 жылдан кем болбогондорго берилет 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигини “Сыйлыктар жөнүндөгү жобосунда” “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси төмөндөгүдөй негизги критерийлер менен берилет:

—Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен илимий-педагогикалык эмгек  стажысы жалпысынан 20 жылдан кем болбогон;

—Билим берүү чөйрөсүндө, илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык ишмердүүлүктө жетишкен ийгиликтери;

—Окуу программаларынын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун автору, —педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган;

—Алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылган;

—Министрликтин Ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйлангандан соң;

—Ишмердүүлүгүндөгү жаңы ийгиликтери, жетишкендиктери, эмгеги үчүн билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдери жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты