Кундуз Жолдубаева “Кытайга карата маанайды курчутууну бийлик мамлекеттик органдардан издеши керек”

Кундуз Жолдубаева “Кытайга карата маанайды курчутууну бийлик мамлекеттик органдардан издеши керек”КСДП партиясынын басма сөз катчысы Жолдубаева өлкөдө кытайларга карата маанайды курчутууга КСДПнын тиешеси жок экенин билдирди.  

“Биздин саясый оппонеттер кезектеги мындай калп жана ыпылас маалыматтык чагым таратуу менен өздөрү кетирген кемчиликтер үчүн күнөөнү экс-президент А. Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарууну көздөшүүдө.

Кесипкөй атайын кызматтар  чагымчыл митингдердин, тактап айтканда, 7-январда Бишкекте өткөн жана 17-январда өтүүсү жарыяланган митингдердин реалдуу уюштуруучуларын оңой эле аныктай алышмак. Ал эми Президенттин аппараты жана Өкмөт тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болчу.

Иш жүзүндө өткөн жылы ичи толугу менен мамлекеттик бийлик органдары кытайларга каршы маалыматтарды таратууга жана кыргыз-кытай мамилелерине доо келтире турган башка чагымчыларга каршы эч кандай тийиштүү чараларды көрүшкөн жок, эми болсо биз жоопкерчиликти  “оору баштан соо башка” оодара салуу аракеттерин көрүп турабыз. Бул так жогоруда айтылган кытайларга карата маанайды курчутуунун себептерин бийликтер саясый оппоненттердин ишинен эмес, млекеттик органдарынан издей турган учур.

Экс-президент да, Кыргызстандын Социал – демократиялык партиясы да, КСДПнын активисттери да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилелерге кесепеттери тие турган кандайдыр бир акцияларга эч кандай тиешеси жок жана болушу да мүмкүн эмес. Социал-демократтардын буга окшогон митингдерге тиешеси бар экени туурасындагы имиштерди жайылтуу КСДПга жана анын лидерине көө жабууга багытталган жалаа жабуу кампаниясынын бир бөлүгү болуп саналат” деди КСДП өкүлү К. Жолдубаева.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты