Сот Мамбеталиевдин Турдукулов боюнча доо арызын канааттандырган жок


Адиль Турдукулов

Адиль Турдукулов

Бишкек шаардык соту бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы деген Эркин Мамбеталиевдин жарандык активист жана «Сөз эркиндигин коргоо комитети» бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукуловдун үстүнөн жазган доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Эркин Мамбеталиев Адил Турдукуловдун үстүнөн былтыр ноябрда «Фейсбуктагы» билдирүүлөрү «аброюма шек келтирди» деген негизде арыз жазып, сотко кайрылган. Моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Быйыл 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин доо арызын карап, Турдукуловду ага 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Буга макул болбогон Мамбеталиевдин адвокаттары шаардык сотко кайрылган.

Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын айтып келет. Ал 50 миң сом төлөө тууралуу соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кайрыларын кошумчалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты