Өкмөт «Цзинь Лун» жана «Эркебек» компанияларына чара көрүлөрүн билдирди

Өкмөт «Цзинь Лун» жана «Эркебек» компанияларына чара көрүлөрүн билдирдиӨкмөттүн Аппараты Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча жумушчу комиссиянын ишинин алдын-ала жыйынтыгы тууралуу маалымат таратты.

Анда айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлүүдө.

Буга катар кен казууда чыккан үйүндүлөр бульдозердин жардамы менен тоо бооруна чогултулган. Булак үймөктөлгөн тоо –теги аркылуу агып чыгып, төмөн куя баштаган. Натыйжада, булак суусу тоо тегинин майда урандылары жана көмүрдүн чаңы менен ага баштаган.

Учурда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишти баштады.

«Цзинь Лун» ЖЧК өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын жолугушуусу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аталган компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн ыктыярдуу түрдө скважиналарды казуу милдеттенмесин алышты.

Буга катар «Кум-Бел» көмүр кениндеги «Цзинь Лун» жана «Эркебек» компаниялары жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана Жер казынасы тууралуу мыйзамын сактоосуна текшерүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле төрт жерден анализ үчүн суунун үлгүсү алынган. Лицензиялык тилкенин маркшейдерлик съемкасы тартылган. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептөө боюнча иш жүрүүдө.

Белгилей кетсек, мурда пландык текшерүү учурунда «Эркебек» ЖЧКсына карата жер кыртышын бузгандыгы үчүн 362 000 сом көлөмүндө айыппул салынган.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенин мындан ары эксплуатацияланышы боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.

«Цзинь Лун» жана «Эркебек» компанияарына жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн – тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынат.

2019-жылдын 9-11-январында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан «Цзинь Лун» ЖЧК жана башка компаниялардын Экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо жаатындагы иши текшерилди. Текшерүүлөрдүн жана алынган суу үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин аталган компаниялар ичүүчү сууну булгап жаткандыгы тууралуу коомчулукта сын пикир айтылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты