Албек Ибраимовдун соту 28-январда каралмак болду

Албек Ибраимовдун соту 28-январда каралмак болдуОктябрь райондук сотунда 15-январга белгиленген Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун соту болбой калды.

Анын себеби сот Кымбат Аркарованын  кылмыш иши менен тааныш эместиги себеп болду.

Албек Ибраимов “Дастан” компаниясына мүлктү жогорулатылган баа менен алгандыгы, муниципалдык жерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү жана Бишкектеги Калыс Ордо жаңы конушундагы мектепке бөлүнгөн каражаттардын мыйзамсыз жактары боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимовдун сотун алып бара турган Кымбат Аркарованын адилетсиз ишине коомчулукта нааразылыктар айтылып келген. 2018-жылдын 5-мартында сот адилеттигин талап кылган митингчилер да башка адилетсиз деген соттордун катарында  “Аркарова кетсин!” деп кыйкырып, Жогорку Соттун алдында турушкандыгы маалым.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты