Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп дайындалдыАрмениянын президенти Армен Саркисян 14-январда Никол Пашинянды премьер-министр дайындады.    

Бул тууралуу «РИА –новости» агенттиги кабарлады.

Армениянын Конституциясына ылайык, парламенттик көпчүлүк добуш алган талапкер премьер-министр болуп дайындалат.

Министрлер кабинети премьер дайындалгандан кийин 15 күн ичинде түзүлөт Андан 20 күндөн кийин премьер Улуттук жыйынга Өкмөттүн программасын сунуштайт.

Жетинчи чакырылыштагы Армениянын парламенти декабрь айында шайланды, ал 132 депутаттан турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты