Айрым жерлерде жаан аралаш кар жаайт

Айрым жерлерде жаан аралаш кар жаайт

Бишкек шаарында.

Өлкөбүздө  бүгүн, 15-январда, түнкүсүн жаан-чачын болбойт.  Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жаан аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда- түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Таласта- түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында- түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө- түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарында- түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15 градус болот;

Борбор шаарыбызда  жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Бул тууралуу Гидромет борбору билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты