Жээнбеков Кытай жетекчиси Си Цзиньпинге көңүл айтты

Жээнбеков Кытай жетекчиси Си Цзиньпинге көңүл айтты

Щахтада.

Сооронбай Жээнбеков Шэньси провинциясынын Шэньму шаарындагы көмүр шахтасы көчүп түшкөндүгүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Кытайдын Тѳрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.

«Шэньси провинциясынын Шэньму шаарындагы көмүр шахтасы көчүп түшкөндүгүнүн кесепетинен адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ушул кырсыктан жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалайм. Ушул оор убакытта орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Кытайдын Шеньму щаарында 12-январда шахтада кырсык болуп, акыркы маалыматтарда андан 21 адам каза болгондугу айтылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты