Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Кулаган жүк ташуучу «Боинг» самолету.

Сооронбай Жээнбеков Иранда  Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Хасан Роуханиге көңүл айтты.

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Карадж шаарындагы „Фатх“ аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты