Акүй Жогорку соттон миграция жарлыгын калыбына келтирүүнү суроодо


Акүй Жогорку соттон миграция жарлыгын калыбына келтирүүнү суроодо

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Жогорку соттон мусулман калкы басымдуулук кылган алты өлкө жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкты  токтоосуз түрдө калыбына келтирүүнү сурады.

Акүй бул кадамын коопсуздук чаралары менен байланыштырууда.

АКШнын Юстиция министрлиги 1-июнда чукул билдирүүнү Жогорку Сотко тапшырып, Виржиния апелляциялык соту Трамптын көрсөтмөсүнө каршы чыгуу менен бир нече алешемдиктерге жол бергенин баса белгиледи.

Администрациянын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн Жогорку соттун тогуз сотунун эң аз бешинин макулдугу керек.

Виржиния апелляциялык соту өткөн айда Трамптын миграциялык жарлыгын четке каккан. 6-мартта чыккан жарлыкта бардык качкындардын, андан тышкары Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендик жарандардын АКШга кирүүсүнө убактылуу бөгөт коюу каралган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты