Президент ЖК төрагасы жана фракция жетекчилери менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Президент ЖК төрагасы жана фракция жетекчилери менен эмне тууралуу сүйлөштү?Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушканын, анда эмнелер тууралуу сөз болгонун Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.  

Мамлекет башчы 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» деп жарыялоо жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынганын, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы бекитилгенин белгилеп, Жогорку Кеңешти алардын багыттарын ишке ашырууга активдүү киришүүгө чакырды.

Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды. «Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын — ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, ал мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл»,  деп Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу баса белгиледи.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды мониторинг кылуунун жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарылдыгын белгиледи.

Президент Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери коомчулукта болуп жаткан башка дагы процесстер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Расмий сүрөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты