Гербдин кабыл алынганына— 25 жыл

Гербдин кабыл алынганына-- 25 жылКыргыз Республикасынын гербинин кабыл алынганына бүгүн, 14-январда 25 жыл толду.

Буга байланыштуу Президент жалпы элди куттуктады. Мамлекет башчы гербдин маанисине токтолуп кетти:

“Мамлекеттик герб — мамлекеттүүлүгүбүздүн жогорку символу катары, чейрек кылымдан бери элибиздин азаттыгын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келет” деди куттуктоосунда.

“Мамлекеттик гербдин чок ортосунда Айкөл Манас атабыздын Ак шумкары элибизди, жерибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү өзүнүн ыйык канатына калкалап, коомубуздун ынтымагын көздүн карегиндей сактоого чакырып турат» деп белгиледи Президент.

Жээнбеков гербдин авторлоруна жана аны кабыл алган легендарлуу парламенттин депутаттарына ыраазылык билдирди.

«Жалпы кыргызстандыктарды, сыртта жүргөн мекендештеримди, эркин өлкөбүздүн ар бир жаранын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин күнү менен куттуктайм!” деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, гербдин авторлору А. Абдраев, С. Дубанаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты