Шаардык сот чечимди күчүндө калтырды. Кулматов 31-январга чейин камакта болот

Шаардык сот чечимди күчүндө калтырды. Кулматов 31-январга чейин камакта болотБишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовду  31-январга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.  

Бул тууралуу  Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочу Биринчи май райондук сотунун Кулматовду 31-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарганын, чечим 14-январда шаардык сотто каралганын жана өзгөртүүсүз калтырылганын билдирди.

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Ага Калыс ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөң 2 млн доллар гранттык каражатты мыйзамсыз мэриянын эсебине которгон деп күнөө коюлууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты