Тегеранда кулаган самолеттун “кара жащиги” табылды

Тегеранда кулаган самолеттун “кара жащиги” табылдыРоссиянын РИА-новости агенттиги  Ирандын  ISNA агенттигинин маалыматтарына таянып, 14-январда Тегеранда кулаган учактын “кара жащиги” табылгандыгын билдирди.

Мурда кабарлангандай, Тегеранда Boeing 707 жүк ташуучу самолету 14-январда кулаган. Ичинде 16 адам болгон. Алардын арасынан бир киши тирүү табылганы кабарланган.

 Ирандын  аталган  агенттиги кулаган самолеттун “кара жащиги” табылганын билдирди.

Самолет Ирандын аскерине таандык. Ал Бишкектен эт жүктөп бара жаткан.  Учак “Фатх” аэропортуна конууга аргасыз болгондугу кабарланган. Самолет учуу- конуу тилкесинен чыгып кетип, андан кийин күйүп кеткен.

Ал жерден жети кишинин сөөгү табылган, бир киши тирүү табылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты