Тегерандан кулаган самолет Бишкектен эт жүктөп бара жаткан

Тегерандан кулаган самолет Бишкектен эт жүктөп бара жатканТегерандан бүгүн,  14-январда кулаган Boeing 707 самолетунда кыргызстандыктар болбогонун   “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Boeing 707-300 самолету Бишкекке 13-январда саат 23. 10 до келген. Бишкектен Тегерандагы Пайам аэропортуна 14-январда эртең менен саат 7.16 да учкан.

Алдын-ала маалыматтар боюнча анда кыргызстандыктар болгон эмес.

Самолет Бишкектен 30 тонна эт жүктөп бара жаткан.

Маалымдалгандай, Тегеранда 14-январда кулаган Boeing 707 жүк ташуучу самолетунда 16 киши болгон. Анын ичинен бир гана киши аман калгандыгын «Фарс» агенттигине таянып, РИА Новости агенттиги  кабарлаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты