Бишкектен учуп, Тегерандан кулаган самолеттон бир гана киши аман калган

Бишкектен учуп, Тегерандан кулаган самолеттон бир гана киши аман калган

Иранда кулаган учак.

Тегеранда 14-январда кулаган Boeing 707 жүк ташуучу самолетунда 16 киши болгон. Анын ичинен бир гана киши аман калгандыгын «Фарс» агенттигине таянып, РИА Новости агенттиги  кабарлады.

Аман калган адам—самолеттун инженери.

Boeing 707 жүк ташуучу самолету 14-январда Бишкектен учуп чыккан. Ал Карадж шаарындагы “Пайам” аэропортуна конмок, бирок жаңылыg, ошол эле шаардагы “Фатх” аэропортуна коно баштаган.

“Фарс” басылмасы билдиргендей, пилот конгон учурда самолетту башкара албай учуу-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Самолеттун жанына вертолет, 10 машина жана автобус жардамга келген.

“Манас” аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанов ирандык авиакомпаниянын чартердик самолету Бишкектен 14-январда  эртең менен саат 7:16да учуп кеткенин ырастады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты