Инвесторлорго көрсөтө турган даяр долбоорлор жок

Инвесторлорго көрсөтө турган даяр долбоорлор жок

Жолугушуу учурунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алуу учурунда 14-январда инвесторлорго көрсөтө турган даяр долбоорлор жок экендигин белгиледи.  

Аталган агенттиктин директору инвестицияларды тартуудагы терс тенденциялар жана негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келишинин азайышынын себептери тууралуу айтып берди.

Президент айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганына өзгөчө көңүл бурду. Ошол эле маалда ал инвестицияларды өлкөгө тартып келгендеги негизги көйгөй катары инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр инвестициялык долбоорлордун жоктугун дагы белгиледи.

Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоонун маанисин белгилеп,  Жээнбеков инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына дайыма мониторинг жүргүзүп, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууда талаш-тартыштарды өз убагында аныктоо боюнча жумушту күчөтүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө активдүү катышуу керек.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымат берди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты