Кыргызстандыктар туура эмес тамактангандардын катарында

Кыргызстандыктар туура эмес тамактангандардын катарындаЭл аралык эксперттер дүйнөдө тамактанууну иликтеп чыккан. Алардын катарында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан туура эмес тамактангандардын сап башында болду.

Дүйнөдө туура эмес тамактангандардын арасында биринчи орунда  Өзбекстан, экинчи орунда Түркмөнстан, үчүнчү орунда Кыргызстан турат. Калган биринчи ондуктун арасында   Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдавия, Тажикстан, Россия жана Белоруссия бар.

Ал эми Израил менен Испания туура тамактанган өлкөлөрдүн сап башында турат.
Окумуштуулар тузду көп пайдалануу, жашылча-жемиштерди аз пайдалануу  жүрөк-кан тамыр ооруларына жана зат алмашуунун начарлашына алып келерин билдирет.

Батыш Европа өлкөлөрүнүн арасынан туура эмес тамактангандар Германияда. Ошндой эле Швеция жана Норвегия да бул тизмеге кирет.

Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты