Владивостокто жол кырсыгына кабылган кыргызстандык айдоочунун абалы оор, бирок туруктуу

Владивостокто жол кырсыгына кабылган кыргызстандык айдоочунун  абалы оор, бирок туруктуу

Владивостоктогу алты машина катышкан кырсык.

Россиянын Владивосток шаарында 11-январда болуп өткөн жол кырсыгында жабыркагандардын арасында айдоочу кыргызстандык экенин КР Россиядагы элчилиги билдирди.

Кыргызстандын 48 жаштагы тургуну Д. И. А 1970-ж. туулган, Баткен облусунун Кара-Булак айылынан болот.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу дароо крайдагы ооруканага жеткирилген. Абалы оор болуп, ага  нейрохирург, анестезиолог врачтарын чакырууга туура келген.

13-январда И. Д. га операция жасалып, колун сактап калууга мүмкүн болду. Бутуна кан айлануу процесси да калыбына келди. Анын абалы оор, бирок туруктуу.

Элчиликтин кызматкерлери жабырлануучунун туугандары менен жолугушту.

Айта кетсек, Владивостоктогу жол кырсыгынан 16 киши жабыркаган, алардын экөө балдар. Ооруканада 8 киши жатат, калгандары үйлөрүнө чыгарылган.

Жабырлануучунун оор абалынан улам туугандарын реанимацияга киргизишкен эмес. Элчилик кызматкерлери бүгүн, 14-январда, жабырлануучуну көрүп чыгууга дарыгерлер менен макулдашкан.

Сүрөтү: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты