Ошто баланы өлөрчө сабаган аял камалды

Ошто баланы өлөрчө сабаган аял камалдыОш шаарында эки жаштагы  тууганынын баласын өлөрчө сабап салган аял убактылуу жайга камалды. Бул тууралуу Ош ИИБ басма сөз кызматы билдирди.  

Облустук социалдык камсыздоо бөлүмү аялы кармалгандан кийин анын күйөөсү жаш балдарын кичинекей тууганына таштап, Жалал-Абадга кеткен деди. Балдар интернатка убактылуу жайгаштырылган, андан кийин аларды атасы алып кеткен. Чарчап калган баланын атасы бир тууганына убактылуу эле таштаганын билдирди.

Чарчап калган баланын ата-энеси жарым жыл мурун ажырашып кеткен. Балдар атасы менен калган.

Кармалган аялдын алты айлык боюнда бар. Андан башка беш балалуу.

30 жаштагы ал аял эки жашар тууганынын баласын сабап койгонлугу, бала 10-январда ооруканага түшөргө чейин эле чарчап калганы аныкталган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты