Абылгазиев көрүстөндөгү эстеликти бүлүндүргөндөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну буюрду
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну бүгүн, 12-январда тапшырды.
“Күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш», – деди Премьер-министр. .
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
11-январда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 89 христиан көрүстөнүнүн эстеликтерин, кресттерни талкалап кетишкени социалдык түйүндөргө жазылган.
Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы 35 көрүстөндөгү жыгачтан жасалган кресттер жана мармар таштан коюлган эки эстелик талкаланганын билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.