Бишкекте жылдын мыкты сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде World Press Photo – 2018 сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
«World Press Photo» – эл аралык сынак. Анда дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттер тарткан сүрөттөрдүн мыктылары аныкталат. Жыл сайын абройлуу фото сүрөтчүлөрдөн жана фоторедакторлордон түзүлгөн калыстар тобу келип түшкөн сүрөттөрдү тогуз категория боюнча сындан өткөрөт.
Калыстар тобу 125 мамлекеттин 4,5 миң фотосүрөтчүсүнөн келген 73 миң сүрөттү карап чыккан.
Сынактын жыйынтыгында 42 адам жеңүүчү деп табылган. Дүйнө жүзүнүн журналисттеринин мыкты фотосүрөттөрүн шаар тургундары жана коноктор 11-январдан 24-январга чейин көрө алышат.
Аталган көргөзмөдөн фоторепортаж.
Тарткан: Кадир Ван Лохуйзен.
Тарткан: Даниэль Белтра.
Тарткан: Ли Хуайфен.
Тарткан: Лука Локателли.
Тарткан: Лука Локателли.
Тарткан: Нил Олдридж.