“Цзин-Лун” компаниясы калдыктарын суу жээгине төгүп, сууну булгоодо

“Цзин-Лун” компаниясы калдыктарын суу жээгине төгүп, сууну булгоодоВице-спикер Аида Касымалиева  Өзгөн районунун Зергер айылынын жашоочулары менен 10-январда жолугушканда, жергиликтүү калк андагы «Цзин-Лу»  компаниясы көмүр калдыктарын суу жээгине төккөндүктөн, ичкн суу булганып жатканын билдирди.  

Зергер айылында ЖК төрага орун басары Аида Касымалиева, элет элинин социалдык көйгөйлөрү менен таанышты.

Жергиликтүү калк көмүр казуучу “Цзинь-Лун” жоопкерчилиги чектелген компанияга нааразы экенин айтышты.  Компания казылып алынган кара алтындын калдыктарын суу жээгине төгүп койгондуктан, аккан суу булганып, элге коркунуч келүүдө.

Касымалиева маселени мыйзам чегинде чечүүгө болорун белгиледи.

“Цзинь-Лун” ЖЧК өкүлү Өмүрбек Касымбеков кемчиликтерди эске алуу менен бир ай аралыгында калкты таза суу менен камсыздоо иши аткарылаарына убада кылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жеринде шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт. 14-январда  Жогорку Кеңешке жумушка чыгышат.  

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты