Өлкөбүз— планетага суу берүүчү мунара

Өлкөбүз-- планетага суу берүүчү мунараВице-премьер Замирбек Аскаров Түштүк Африканын Кейптаун шаарында өткөн PAGE 2019 Министрлик конференциясына катышып, Кыргызстандын жашыл экономика боюнча аракеттери тууралуу айтты. 

Вице-премьер Аскаров жашыл экономика боюнча Киото протоколунан Париж макулдашуусуна чейинки Кыргызстандын басып өткөн жолу тууралуу сөз козгоду.

«Тоолуу өлкөлөр, сиздерге белгилүү болгондой, планетанын суу берүүчү мунаралары болуп эсептелет. Зыяндуу заттардын сууга ташталышы суунун булганышына жана алардын суу менен андан ары кетишине алып келет. Бүгүнкү күндө жаратылыш ресурстарын жырткычтык менен пайдалануу белгилерин байкап жатабыз. Глобалдуу жылуулук мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө, бул өз кезегинде тез-тез суу каптоо кырсыктарына, суу ташкын жана жер көчкүлөргө алып келүүдө», – деди ал.

Акыркы жылдардагы башка демилге катары химиялык жер семирткичтерден баш тартып, айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн органикалык түрүнө өтүү саналат. Буга катар биз кичи ГЭСтерди тургузуу, күн энергиясын пайдалануу аркылуу энергиянын жаңырып туруучу булактарын кеңири жайылтуу үчүн чыгуудабыз.

Жогорку Кенеш жана Өкмөттүн биргелешкен акыркы демилгелериин бири катары Кыргыз Республикасынын аймагына полиэтилен баштыктарын жана пластик идиштерди киргизүү, аны өндүрүү, сатуу жана пайдаланууга тыюу салуусу эсептелет. Булар жана башка жасалып жаткан көптөгөн иштер жашыл экономика принцибин карманаарын билдирет.

Маалымат үчүн: PAGE – Инициатива агентств ООН «жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттери» БУУ агенттиктеринин демилгеси.

Бул маалыматты Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернте булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты