Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн 12 артыкчылыгы

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн 12 артыкчылыгы

Иллюстрациялык сүрөт

Транспортту жана айдоочуларды каттоого байланыштуу  Өкмөт жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүүгө камданууда.  

Айдоочулук жаңы күбөлүктүн кандай артыкчылыктары болот?

Мамлекеттик Каттоо кызматы атайын бланктардын  жана айдоочулук күбөлүктун техникалык өзгөчөлүгүн, эскизин иштеп чыкты.

  1. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алат.
  2. Жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.
  3. Жасалмалап алганга мүмкүн эмес.
  4. Курсанттарды тестирлөөнү катаалдаштырууга кызмат кылат.
  5. Жогорку сапаттагы пластиктен жасалат.
  6. Бул өлкөдөгү айдоочулук күбөлүктүн төртүнчү мууну болуп саналат.
  7. Анын пландаштырылган колдонуу мөөнөтү 10 жыл эсептелет.
  8. Айдоочулук жаңы күбөлүк жол коопсуздугун реформалоого кызмат кылат.
  9. Айдоочулардын учурдагы күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу болуп эсептелет.
  10. Айдоочулук жаңы күбөлүк ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.
  11. Айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персоналаштыруу жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт.
  12. Мамлекеттик мекемеге өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу атайы бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50%га төмөндөтүлөт. (Себеби бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт).

Бул тууралуу маалыматты Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты