Футбол боюнча Азия чемпионаты: кыргызстандыктар кореялыктардан жеңилди

Футбол боюнча Азия чемпионаты: кыргызстандыктар кореялыктардан жеңилди

КР футбол боюнча курама командасы кореялыктар менен оюн алдында.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кечээ, 11-январда Түштүк Корея командасынан 0:1 эсебинде жеңилип ды.

Кореялык футболчу Ким Мин Дже гол киргизип, командасына утуш алып келди.

Андан мурун кыргызстандыктар кытайлык командадан да утулуп калган.

Кыргызстандык футболчулардын Азия чемпионатына катышып жаткандыгынын өзү жеңиш болуп эсептелет,  Кыргызстандын курама командасы эки оюнда тең дурус ойногонуна күйөрмандар күбө болушту.

Кыргызстандык футболчулар 16-январда филиппиндиктер менен ойнойт.

Курамында Кутман Кадырбеков, Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Дэниел Тэго, Кайрат Жыргалбек уулу, Ахлидин Исраилов, Эдгар Бернхардт, Азиз Сыдыков, Фархат Мусабеков, Мирлан Мурзаев бар командабызга ийгилик каалайлы.

Сүрөт КР футбол федерациясыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты