Бишкекте жол кире эки сомго кымбатташы мүмкүн

Бишкекте жол кире эки сомго кымбатташы мүмкүнБишкекте маршруттук автобустардын жол киреси кымбатташы күтүлүүдө.  

Маршруттук автобустардын жол киресин эки сомго көтөрүү тууралуу маселе коюлууда. Эгер шаардык депутаттар маселени караса жана Монополияга каршы агенттик макулдугун берсе, жол кире “маршруткаларда” 12 сом болуп калышы ыктымал.

Мэрия “маршруткалардагы” жол акыны 2 сомго көтөргөнү жатканын вице-мэр Максим Ситников жүргүнчүлөдү ташыган фирма өкүлдөрү менен жолугушууда, 11-декабрда  билдирди.

“Андай маселе бышып-жетилген. Тариф саясаты боюнча биз ырааттуу иштей беребиз. Бул маселе комитетте, анан Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралышы керек” деди вице-мэр Ситников.

Учурда “маршруткаларда” жол акы 10 сом, кечки саат 9.00 дөн кийин 12 сом. Жаңы тариф кирсе, анда күндүз 12 сом, кечкисин 14 сом болуп калаар.

Ал эми автобус, троллейбустарга жол акыны жогорулатуу тууралуу сөз боло элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты