Кыргызстанда жапайы жаныбар менен куштардын саны өстү
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттиги Кыргызстанда жапайы жаныбар менен сейрек кездешүүчү келгин куштардын санынын өскөнүн кабарлады.
Жапайы жаныбарлар менен келгин куштардын санынын өскөнүнө Чоң-Кеминдеги жаратылыш паркы менен Нарындагы мамлекеттик жаратылыш коругуна коюлган сүрөт капканындагы сүрөттөр күбө.
Эгер 15 жылдай мурда илбирс жоголуп бара жаткан болсо, эми андай коркунуч бизди кыйгап өттү деп айтууга болот.
Фотокапкандагы сүрөттөр Айлана-чөйрөңү коргоо жана Токой чарба агенттиги тарабынан берилди.
Андагы сүрөттөр жапайы жаныбарлардын дээрлик бардык түрлөрү менен келгин куштардын байыр алганын көрсөтөт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жаныбарларды көбөйтүү боюнча, анын ичинде илбирсти көбөйтүү боюнча, аткарган иштери өз жемишин берип жатат деп айтууга болот.
Чоң-Кеминдеги жаратылыш паркы жана Нарын жаратылыш коругундагы фотокапканда тартылган жогорудагы сүрөттөр Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы тарабынан берилди.