Колуна салынган шакеги чечилбей…

Колуна салынган шакеги чечилбей...Бишкекте колуна салынган шакегин чече албай калган аял Өзгөчө кырдаалдар бригадасын жардамга чакырууга мажбур болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-январда Куткаруу кызматына колуна салынган шакегин чече албай калган 1970-жылы туулган С.Н. кайрылды. Шакек чечилбей, анын манжасы шишип кеткен.

Жардамга барган ӨКМ Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аялдын манжасынан шакекти чыгарып беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты