Жылдызбек Молдокматовдун көргөзмөсү ачылат

Жылдызбек Молдокматовдун көргөзмөсү ачылатЖылдызбек Молдокматовдун көргөзмөсү 11-январда саат 15.00 дө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылат.

Айтылуу сүрөтчү Жылдызбек Молдокматов республикалык, чет өлкөлүк көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 70 жашка чыккандыгына байланыштуу жеке көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөдө анын айрым эмгектери, негизинен живопись чыгармалары коюлат.

Кийинки кезде Молдокматов эпикалык, элдин кайгылуу жылдарын чагылдырган чыгармалар менен алек болууда.

Көргөзмө 27-январга чейин созулат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты