КСДПнын “кара кассасы” тууралуу иш тергелип бүтүп калды

КСДПнын “кара кассасы” тууралуу иш тергелип бүтүп калдыНурбек Токтакунов ачыктаган президенттик шайлоо алдындагы  талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын, КСДП партиясынын “кара кассасы”  боюнча тергөө иши аягына чыгып калганын ИИМдин басма сөз борбору билдирди.

Анда президенттик шайлоо алдында борбордук шайлоо штабында иштеген жетекчилер, жергиликтүү шайлоо участокторунун кызматкерлери суралып бүттү.

Штабдын финансылык  иштери боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызы чет мамлекетте жүрөт, ал Кыргызстанга кайтаары менен суракка чакырылат.  Анда кийин акыркы чечим кабыл алынары кабарланды.

Адвокат Нурбек Токтакунов 15-январда фейсбук баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабында миллиондогон акча каражаттарынын  коротулганы тууралуу маалыматты жарыя кылган.  Андагы маалыматта шайлоо алдында Жээнбековдун штабы  1,1 миллиард сом жана 6,8 миллион доллар  короткону айтылат. БШК расмий отчетунда 158 миллион сом коротулган деп берилген.

Шайлоо штабы боюнча Токтакуновдун жарыялагандары шилтемеде:https://bit.ly/2RmBSvb

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты