Роза Отунбаева “Акыйкатсыз чечимдерди Президент эмнеге өзүнө жүктөп алышы керек?”

Роза Отунбаева “Акыйкатсыз чечимдерди Президент эмнеге өзүнө жүктөп алышы керек?”Экс-президент Отунбаева “Азаттык” үналгысына берген комментарийинде мурдагы режимде камакка алынган саясий туткун дегендердин баары туура эмес камалганын, аны эмнеге азыркы Президент өзүнө жүктөп алышы  керек экенин, бул маселени Жогорку Кеңеш карашы керек экенин белгиледи.      

Ошондой эле ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссиянын катчысы Кырккелди Кадырбаевдин жообун “жөн эле отписка” деп баалады.

Биздин маселени саясий өңүттө караш керек. Азыркы кесилип жаткан, саясий туткун дегендердин баары мурунку режимдин тушунда туура эмес кесилген. Бир топ акыйкатсыз чечимдер чыккан болчу. Аны эмнеге жаңы президент өзүнө жүктөп алышы керек? Эмнеге 1,5 жылдан бери аны өзүнүкү кылып кармап отурат?

Башка өлкөлөрдө, автократиялык-диктатордук режим кетеби же демократиялык режимдер өзгөрүп жатабы — мурунку туткундарды чыгарып жатышат. КМШ чөлкөмүндө деле, Орусияда, Өзбекстанда, Азербайжанда, ошол эле Түркмөнстанда президенттер күнөөлүү деген адамдардын суранычы жок эле ырайым берип жатышат. Текебаев ырайым сурабай турганын мурда эле кесе айткан. Биз ошону билип туруп «режим өзгөрдү, жаңы президент келди» деп суранганбыз. Аны алты фракция лидерлери, парламент колдоду. Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары билишчү, алар мыйзамды жазган, аны көзөмөлдөгөн адамдар.

Отунбаеванын айтымында, эми Жогорку Кеңеш бул маселени сөзсүз талкуулашы керек. Ал бул жалаң эле Текебаевге эмес, башкаларга да тиешелүү маселе экенин белгиледи.

Мунун алдында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

“Азаттык”

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты