Улуттук банк 2018-жылы 2 млрд 100 млн киреше тапты

Улуттук банк 2018-жылы 2 млрд 100 млн киреше таптыАлдын-ала жыйынтыктар боюнча  Улуттук банк 2 млрд 100 млн сом киреше тапты. Бул мамлекет башчынын УБ төрагасы Толкунбек Абдыгуовду кабыл алуу учурунда белгилүү болду.  

«2018-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 100 млн сомду түздү” деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Президент мүмкүн болгон тышкы коркунучтарды максималдуу төмөндөтүү үчүн Улуттук банк эл аралык финансылык рыноктордогу абалга байкоо жүргүзүүсү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары өлкөнүн аймактарында банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү жана Аймактарды  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

 «Мобилдүү эсептер жана төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн санарип куралдарды иштеп чыгып, киргизүү маанилүү», — деп белгиледи Президент.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты